05.02.2019 09:56

«Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору. Кимдер арзан пайыз менен насыя ала алышат?

«Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору. Кимдер арзан пайыз менен насыя ала алышат?

«Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Маалым болгондой, долбоор ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

«Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү - 60 айга чейин, ал 2019-жылдын февралында иштеп баштайт.

Сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча (сарымсак, пияз, томат), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды насыялоо үчүн жана «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн акыркы пайыздык үстөк жылына 6 пайыз белгиленген.

Ошондой эле белгиленген тартипте асыл тукум заводу, асыл тукум чарбасы жана үрөн чарбасы макамдары берилген чарбалар жана кант кызылчасын өстүрүү менен алектенгендерге насыя берүү артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.

Жылына 8 пайыздык үстөк насыя төмөнкүлөр үчүн белгиленген:

  • бак өстүрүүчүлүк жана ургаалдуу токойчулук менен алектенген субъекттер үчүн;
  •  күнөскана чарбасы менен алектенген жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү боюнча субъекттер үчүн;
  • асыл тукум жана мал же жасалма жол менен уруктандыруу жабдууларды сатып алуучу субъекттер үчүн.

Жылына 10 пайыздык үстөк мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактары үчүн белгиленген.

Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Ушуну менен катар эле бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылатып сугаруу системин киргизүүгө берилүүчү насыя үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке насыя боюнча 150 (жүз элүү) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук насыя боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыя каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында бул максаттар үчүн берилүүчү насыя жалпы сумманын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу түрүндө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.

Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:

  • бодо мал (ала тоо, карала, аулие-ата, ошондой эле голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц уйлары), топоздор жана жылкылар;
  • кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар жана меринос).

Бул тармактын субъекттери ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга 3 (үч) миллион сомго чейин насыя ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткан субъекттер 10 (он) миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Насыя берүүдө иштетүүчү ишканалар менен өз продукцияларын берүүгө келишимдерди түзгөн чарбакер субъекттерге артыкчылык берилет.